super.kg logo

Кыргыз-Казак чек арасынан арматура жана кагаз мүшөктөр мыйзамсыз ташылганы аныкталды

 

Кыргыз-Казак чек арасынан арматура жана кагаз мүшөктөр мыйзамсыз ташылганы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чек арадагы көзөмөл өткөрүү жайларынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден арматура жана кагаз мүшөктөрүн ташып келүүдө мыйзам бузуулар бар экени белгилүү болгон.

"Ак-Тилек автожолу" көзөмөл-өткөрмө пунктунан 19 тонна арматураны ташып келе жаткан унаа токтотулган. Текшерүүдө товарларды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалым катынын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталган. “Чалдыбар автожолу” контролдук-өткөрмө пунктунан 1 миллион сомдон ашык суммада 20 тонна кагаз мүшөк ташып келүү фактысы аныкталды. Айдоочуда товарларды ташып келүү үчүн салыктык каттоо тууралуу салык органынын маалым каты жок болуп чыккан", - деп айтылат маалыматта.

Мыйзам бузуу фактылар боюнча материалдар андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: