super.kg logo

Кыргыз каскадёрлору Голливуддун “Мулан” тасмасына тартылышты. Атактуу Жет Ли менен бир тасмада роль жараткан каармандар “эӊ кыйын трюктарды биз аткардык” дешет

 

Кыргыз кино тарыхында чоң жаңылык болду десек болот. “Walt Disney Pictures” студиясынын эң чоң бюджет (болжол менен 300 миллион доллар) коротулган тасмасы “Муланга” кыргыз жигиттери тартылып келишти. Кыргыз жеринен Голливудга барып, "Муланга" тартылып келген жигиттердин бири Эрлан Жанышбек уулу жашоосундагы эң чоң долбоорго кандайча катышып калганын айтып, кесибинин сырлары менен бөлүштү.

«Ал тасмага Кытайдан, Монголиядан, Жаңы Зеландиядан каскадёрлор катышты. Бирок эң татаал трюктарды биз ойнодук. Ат үстүндө чаап бара жатып тик турмай, жаа атмай, кылычташуу деген нерселерди биз кылдык. Тартылуу бүтүп жатканда биздин команданы режиссёр өзгөчө белгилеп, ыраазычылык билдирди», - дейт Эрлан мырза.

Кызыктуу маекти толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№872, 18-июль, 2019-жыл) окуй аласыз.


кошулду





"Супер-Инфо" гезитинин №872-жаңы санында...

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: