super.kg logo

Бишкекте мамлекетке миллиондогон чыгым келтирген мыйзамсыз криптовалюта чогулткан майнинг-ферма кармалды

 

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Бишкекте миллиондогон чыгым келтирген майнинг-ферма кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, аталган майнинг-ферма күнү-түнү иштеп, айына 13-14 миллион сомдук электр энергиясын коротуп турган. Бул Бишкектеги бир нече кичи район колдонгон электр энергиясына барабар.

Майнинг-ферма криптовалюталарды (биткоин) чогултуу менен иш жүргүзөт. Бул күчтүү видеокарталары бар компьютерлер жана атайын дата-борборлор аркылуу иштейт. Ал компьютерлер электр энергиясын өтө көп талап кылат. Учурда бир биткоиндин баасы 10 миң долларды чапчыйт.

"Компьютердик ишмердүүлүк менен алектенген Кытай жараны Л.П жана Кыргыз жараны А.А. "Т.Ц." ишканасын түзүшкөн. "Т.Ц" ишканасы "Электр станциялары" жана "Улуттук электр тармактары" ишканаларынан алынган электр энергиясын "К.Т" ишканасы аркылуу алып турган. Бул ишкана 2018-жылы 21 миллион сом иштеп таап, бирок салык төлөгөн эмес.

Ошондой эле "Т.Ц" ишканасындагы бир канча миң жабдуулардын тиешелүү документтери болгон эмес. Учурда бул майнинг-ферманын лицензиясынын мыйзамдуулугу, курулуш боюнча уруксат кагаздары териштирилүүдө. Финпол майнинг-ферма жана дата-борборлорго электр энергиясына кошулууга тыюу салуу боюнча тапшырманын аткарылышы боюнча маалыматтарды алуу үчүн Улуттук энергохолдингге кат жолдоду. Ошондой эле дагы башка майнинг-фермаларды издөө иштери жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.






Миллиондогон чыгым келтирген майнинг-ферма колго түштү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
18.07.2019. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жазда тартылган видое го акча бербей койсо керекда
18.07.2019. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бир кытай жараны келип мындай чон зыянга учуратса калгандары эмне кылып журду экен?Биздин чондор оозунарда ачып олтура бергиле .
18.07.2019. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Биздин аткаминерлер билген бул нерсени давно эле, доля алып крышовать этип жургон бироо бар да. Крышасы тайды деген эле соз бул.
18.07.2019. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Райим кунолуу чек арадан текшербей откоруп Берген))))
18.07.2019. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Камап салганда толк жок, буларды мамлекет үчүн иштеп бересиң деп 10жыл иштетиш керек. Мамлекетке пайда алып келет...
Чет мамлекеттерде мамлекеттин экономикалык кызыкчылыгы үчүн кылмышкерди түрмөдөн чыгарып иштетишет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: