"Бишкек Парк" мейманканасында кыргызча сүйлөөгө байланыштуу жаңжал боюнча милиция текшерүү жүргүзүүдө
"Бишкек Парк" мейманканасында кыргызча сүйлөөгө байланыштуу жаңжал боюнча текшерүү жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 17-июлда социалдык тармактардын бирине Абдулбасит Давлат аттуу жаран билдирүү жазып катуу талкуу жараткан. Ал өз билдирүүсүндө "Бишкек Парк" мейманкасына барганда тейлөө тили кыргызча болбогонун, кызматкер "бул жерде орусча, түркчө же англисче сүйлөңүз" деп айтканына нааразычылыгын билдирген.
"Учурда окуянын чоо-жайы аныкталып, текшерүү иштери жүрүүдө. Кийинчерээк толук маалымат берилет", - деп билдиришти милициядан.
Окуя социалдык тармакта катуу талкуу жаратып, 500дөн ашык интернет колдонуучу нааразычылыгын билдирген. Ал эми аталган окуя боюнча "Бишкек Парк" соода борборунан нааразычылыгын билдирген жаран окуяны көбүртүп-жабыртып жатканын айткан болчу.
Баткенде Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыкты





1 |