super.kg logo

Адвокат: "Садыр Жапаровдун маселесин соттор чечпейт, Ак Үйдөн буйрук болот" (соттун чечими)

 

Абактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов Чүй облустук сотуна арыз менен кайрыларын айтты.

"2014-жылы чыккан мунапыс мыйзамда "6 айга чейин эле иштейт" деген норма бар" деген шылтоо жазыптыр. Бул калп. Андай жазуу мыйзамда жок. Ал мыйзам бүгүн да иштеп турат. 3 ай мурда чыккан саясатчылардын баары ушул мыйзам менен чыгышкан. Текебаев менен Чотоновго керек болсо 2010-жылдагы мунапыс мыйзамы колдонулган. Анан эле жалгыз Садыр Жапаровго келгенде иштебей калабы? Бул наадандыктын жеткен чеги.

Жаза аткаруу мекемеси мыйзамга таянып, 3 жыл 4 айын кыскартып бергиле деп сотко өзү "Сунуштама" берип жатат. Бирок сот баш тартты. Жаза аткаруу мекемеси мыйзамдарды аткарууда эч жаңылышпайт. Соттолуучуну бир күн ашыкча кармап койгону үчүн кызматтан кетишет, жазага тартылышат. Ошол үчүн соттолуучунун ар бир күнүн, керек болсо саатын эсептеп отурушат.

Эми Чүй облустук сотуна арыз беребиз. Бирок баары бир соттор чечпейт. Ак Үйдөн буйрук болот. "Бийликтин ээси - эл" дейт. Эл өзү чыгарып албаса, соттор чыгарбайт", - деп жазды адвокат.

Окуянын чоо-жайы:

Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы башаламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып камакка алынган. 2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Жаңы ишке кирген Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодексине байланыштуу Жапаровдун иши кайра каралары айтылган.

16-июлда буга байланыштуу сот отуруму өттү. Адвокат Шарабидин Токтосунов "мунапыстын мөөнөтү өтүп кетти" деген шылтоо менен Аламүдүн соту Байсов Садыр Жапаровдун 3 жыл 4 айын кыскартуудан баш тартты" деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
18.07.2019. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Садыр Жапаров Кумтор маселесин которбойм деп бугун айтсын. Эртеге эрте менен акталып чыгат. 3жыл 4айын жокко чыгарбаган соттор. Керек болсо 11жылдык моонотун бир саатта жокко чыгарып актап койот. Кептин баары Кумтордо жатат.
18.07.2019. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак ийилет бирок сынбайт...Жапаров турмодо отурсада аны баары тааныйт, сыйлайт жана тарыхта калат..ал эми аны соттогон соттор наадан боюнча отот, кетет..
18.07.2019. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жапаров ак уйдо ак уйдогулор турмодо отуруш керек еле мыйзам иштегенде
18.07.2019. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Садырды коп ак карга кыла бербегиле. Бакиевдин тушунда коррупциянын уу чокусуна жеткен
18.07.2019. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
адвокаттын ушининтип айканы туура эмес го ал заман откон ал Атамбаевдин заманы болчуу
18.07.2019. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
С Жапаровду акташ керек эле...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: