Экс-мэр Нариман Түлеевдин балдарынын конфискациялануучу мүлктөрүнүн тизмеси
"Ата Журт" фракциясынын депутаты, Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевди 29-июлда Ленин райондук соту “күнөөлүү” деп таап, 11 жылга күчөтүлгөн режимде жаза мөөнөтүн өтөө өкүмүн чыгарып, анын өзүнүн жана жакындарынын мүлктөрү конфискациялана турганын билдирген. Түлеевдин жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаев бүгүн, 6-августта бизге Түлеевдин балдарынын конфискациялана турган мүлктөрү тууралуу кабарлады. Ага ылайык, экс-мэрдин кызы Назгүл Түлееванын 2006-жылы чыгарылган B0111А мамлекеттик номерлүү Мерседес Бенц GL450 үлгүсүндөгү унаасы, уулу Бакыт Түлеевдин өзүнө таандык болгон Токтогул көчөсүндө жайгашкан 86/1 үйдөгү №10-батири, экинчи уулу Санжар Түлеевдин Славгородская көчөсүндөгү 21 "Б" үйү конфискацияланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
Рейтинг:
0

