super.kg logo
  Саясат  

Кореянын премьер-министринин Кыргыз өлкөсүнө болгон сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

 

17-18-июль күндөрү Корея Республикасынын премьер-министри И Нак Ён расмий иш сапары менен Кыргыз өлкөсүндө болду. Бүгүн, 18-июлда Кыргыз өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жыйынтыктоочу жолугушуусунда бир катар документтерге кол коюлду.

Абылгазиев белгилегендей, өз ара товар алмашууну көбөйтүү маселеси сүйлөшүүлөрдүн башкы темаларынын бири болду. Анын айтымында, экономикалык өнүктүрүү жаатындагы Кореянын кызматташтык фонду тарабынан ишке ашырылуучу Бишкек шаарында 150 орундуу республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын корпусун куруу боюнча Макулдашууга кол коюлду.

Өз кезегинде И Нак Ён белгилегендей, Корея Республикасы эки жактуу кызматташтыкты мындан ары карай чыңдоо жана өнүктүрүү маселелерине зор маани берет. Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын жана Корея Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын потенциалы чоң, ал эми өлкөлөр дүйнөлүк рынокторго биргелешип чыгуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүккө ээ.

И Нак Ён белгилегендей, инвестициялык климаттын жакшыруусу корей инвестицияларынын өсүшүнө алып келет, анткени, корей бизнеси ар түрдүү чөйрөлөрдө кызматташууга даяр.

Корея Республикасынын премьер-министри И Нак Ёндун Кыргыз Республикасына расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтер:

- 2016-жылдын 11-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамдары жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Корея Деңиз институтунун ортосундагы меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы менен Корея Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин улуттук дипломатиялык академиясынын ортосундагы меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз жардам көрсөтүү жөнүндө алкактык макулдашууга парафирленген макулдашуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: