super.kg logo

Шамиль Атаханов менчик клиникада дарыланууда

 

Мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов учурда менчик клиникада дарыланууда. Мындай маалыматты Темир жол ооруканасынын башкы дарыгери Темирлан Султаналиев билдирди.

"Кечээ, 18-июлда саат 12:30да Шамиль Атахановду "Тез жардам" кызматы менен ооруканага алып келишкен. Келгенден кийин ага невропатологдор медициналык кароо жүргүзүштү. Атахановго мурда "Bicard" кардиохирургиялык клиникасынан операция жасалган. Туугандары ошол хирург менен байланышып, менчик клиникага "Тез жардам" кызматы менен алып кетишкен", - деди башкы дарыгер.

Ал эми аталган менчик клиникага байланышканыбызда Шамиль Атаханов интенсивдүү терапия бөлүмүндө жатканын билдиришти.

18-июлда ИИМдин тергөө кызматынын тергөөчүлөрү Атахановду суракка чакырышкан. Сурак учурунда экс-чиновник өзүн начар сезип, "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.07.2019. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир нерсе болсо эле оруп калышат
19.07.2019. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде соо чиновник жашайт бекен өзү???Же бүүтле "оорукчандарды"шайлаган белек?!
Сурака чакырылсале ооруп калганы жаман экен "Алымканчасынан" бп ,тооба кылдым....
22.07.2019. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Makain, коомдук адепти сактаңыз. БАН!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: