"Кыргыз темир жолу" ишканасы Кара-Балтадагы окуя боюнча: "Маркум келе жаткан поезддин астына боюн таштаган"



"Кыргыз темир жолу" ишканасы Кара-Балта шаарында адамды поезд сүзүп кеткен окуя тууралуу билдирүү таратты.
"Бүгүн, 19-июлда саат 12:00дө “Кара-Балта” темир жол бекетинин 3718-чакырымындагы кайтарууга алынган өткөрмө пунктунун №2 тилкесинде Демченко М.А. аттуу 1960-жылы туулган жаран келе жаткан поезддин астына боюн таштаган. Натыйжада ал кырсык болгон жерден каза болгон. Окуянын себеби укук коргоо органдары тарабынан иликтенүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин окурман Кара-Балтада поезд адамды сүзгөнүн кабарлаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.