super.kg logo

Бишкекте жүргөн суу замбиректер Кой-Ташка барабы? ИИМдин жообу

 

Бүгүн, 19-июлда интернеттеги социалдык тармактарда "борбор калаада аскер техникасы пайда болду" деген аталыштагы сүрөт тарап, катуу талкуу жаратты.

Интернет колдонуучулар "бул унаалар Кой-Ташка барабы?" деген мааниде көптөгөн пикирлерин калтырышкан.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда, төмөнкү жоопту кайтарышты:

"Бул суу замбиректер атайын багыттагы полкко тиешелүү, алар 2 жумада бир жолу суу толтурганга чыгышат. Бүгүн да суу толтурганга чыгып, кайра өз жайына кайткан. Ал эми социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт", - деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Буга чейин КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева ишеничтүү булактарына таянып, бүгүн түштөн кийин экс-президент Алмазбек Атамбаевди күч менен кармоо боюнча тапшырмасы берилиптир деген билдирүү тараткан. Ал эми ИИМдин басма сөз кызматы бул алардын божомолу экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(7)
19.07.2019. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Какраз койташтагы ХХХХХ курсактарга ылайыктуу суу замбректер экенго. Бизде жок элего мындай техникалар, качан кайдан канча миллион $ га карызга ала коюшту? Чындап эле буларды айдагыла Койташтагы күнүнө канчалаган без толк эле өгүздөр, койлор союлуп жаткан убойный цехке)).
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-22 12:28:31
19.07.2019. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооба жооптору укмуш экен го, күндө Бишкекти бир айланам, эмнеге мурда көргөн эмесмин....Чын эле Кой Ташка барып газондорду сугарып келбейби?
19.07.2019. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мактантасынарбы кытайдын оюнчук машинеси менен
19.07.2019. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эмне ошол жайгашкан жеринде суу жокбу? же тантык жооп бере берсе боло береби ?Эл ошондой жообко ишенгендей эмне силерге малбы ?
19.07.2019. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барса барсын ошол Кой-Ташка. Бекер куурдак деп эл да ыссыкта чаңкап калышса керек. Таш менен урганды аш менен ур дегендей суу менен уруп келсе ошол курсактарды жакшы болот эле.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-22 12:24:51
19.07.2019. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ойойой биз кыргыздар Шамалдан мурун теректин башын кыймылдатпагыла
20.07.2019. 07:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Атамбаев жакынкы күндөрү чет мамлекетке чыгат экен, ошондо эле күч органдары кармап алсаңар болбойбу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: