"Бишкек Парктын" башчысы кыргызча сүйлөөгө байланыштуу жаңжал боюнча кечирим сурады
"Бишкек Парк" мейманканасында кыргызча сүйлөөгө байланыштуу жаңжал боюнча соода борборунун башчысы кечирим сурады. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда SUPER.KG порталына бул жаңжалдын катышуучусу Абдулбасит Давлат билдирди.
"Бүгүн "Бишкек Парк" соода борборунун башкы директору Хүсаметтин Йылмаз жолугушууга чакырып, экөөбүз сүйлөштүк. Ал мейманкананын кызматкерлери туура эмес кылганын моюнуна алып, алардын атынан кечирим сурады. Мен да кечиримдүү болоюн деп аларды кечирдим. Бир пикирге келиштик. Социалдык тармакка постту жазып жатканда мынчалык реакция болорун күткөн эмесмин. Мага колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирем, баарын ынтымакка чакырам", - деди Давлат.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
17-июлда социалдык тармактардын бирине Абдулбасит Давлат аттуу жаран билдирүү жазып, катуу талкуу жараткан. Ал өз билдирүүсүндө "Бишкек Парк" мейманкасына барганда тейлөө тили кыргызча болбогонун, кызматкер "бул жерде орусча, түркчө же англисче сүйлөңүз" деп айтканына нааразычылыгын билдирген.
Бишкек ШИИББи бул окуянын чоо-жайы аныкталып, текшерүү жүрүп жатканын билдирген болчу. Окуя социалдык тармакта катуу талкуу жаратып, 500дөн ашык интернет колдонуучу нааразычылыгын билдирген. Ал эми аталган окуя боюнча "Бишкек Парк" соода борборунан нааразычылыгын билдирген жаран окуяны көбүртүп-жабыртып жатканын айткан болчу.
Баткенде Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыкты

Кыргыз олкосундо улуттук тил жана официалдуу тил бар,улуттук тил(гос.язык) биринчи орунда турат,орус тил офиц.язык,жанагы кыргызча билбейм деген кейкендеген кыз кыргызча уйронсун,берки оруска соз жок.