super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар министринин камакка алынган кеңешчисинин апасы жана аялы ооруп, балдары кароосуз калды

 

Өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси Нурбек Жолборсов"Өзгөчө кырдаалдар министринин камакка алынган кеңешчиси Нурбек Жолборсов пара алган жок" деп SUPER.KG порталына айыпталуучунун адвокаты Мунарбек Турков билдирди.

Анын айтымында, министр Нурболот Мирзахмедовдун тапшырмасы менен ӨКМнин ички аудити тарабынан министрликтин алдындагы “Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору” ишканасына аудиттик иликтөө жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө бул аудит дагы деле жүрүп жатат.

"Натыйжада 2018-2019-жылдар аралыгында аталган ишкананын кассалык чыгыштоо ордерлеринде визасы басылбаган, жалпы 16 миллион сом накталай акча каражаты кассада жок болуп чыккан. Ага кошумча бир нече техникалар кароосуз калып, жарактан чыгарылган. Иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен министрлик тарабынан аталган жагдайга мыйзам чегинде чара көрүү үчүн иш Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган ишкананын жетекчиси Асылбек Жусубалиев "жоголгон акчанын кайсы бир бөлүгүн кеңешчиге бергенмин" деп далилсиз көрсөтмө берген. Анын бул көрсөтмөсүнүн натыйжасында Нурбек Жолборсов кармалып отурат. Бирок Жусубалиевдин Нурбек Жолборсовго качан, кайсыл жерде, канча көлөмдө акча бергени жөнүндө бир дагы далили жок. Жолборсов бул ишке аралашканга ыйгарым укугу жок, ал министрге кеңеш гана бере алат", - деди Турков.

"Нурбек Жолборсовдун апасынын онкологиялык оорусу бар экен, аялы да ооруп жатат. 3 баласын караган эч ким жок болуп, аларды туугандары алып кетишти", - деп кошумчалады адвокат.

Бүгүн, 19-июлда Өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси Нурбек Жолборсов коррупцияга шектелип камакка алынганы белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
19.07.2019. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жолборсту ортодо мышыка айлантып коюптур
19.07.2019. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жесе жегендир кичине койуп жибергиле чонойсо аябай жакшы жегич болот кит сымал ылгабай жуткан
20.07.2019. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушундайдадан башталатта коррупциянын баары.
20.07.2019. 06:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баласы ооруп дары алуу учун 30000 уурдап кайра кайтарып берген жаранга 70000 штраф жана 5 жылга камап салды миллондорду жегендер камалса эле эртеси ооруп калып уй камакка чыгып кетишет такыр больой калды озу
20.07.2019. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне башкалардын аялы апасы оорубай,балдары жалгыз калбайбы? Эмнеге жөнөкөй адамдардын апасын аялын балдарын жазбайсынар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: