super.kg logo

Чүйдө 6 жашар бала алкоголдук ичимдикке ууланып ооруканага түштү

 

Чүй облусунун Жайыл районунда 6 жашар бала алкоголдук ичимдикке ууланып ооруканага түштү. Бул факты сотко чейинки өндүрүшкө алынганын Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан маалымдады.

"12-июлда Жайыл РИИБине аймактык ооруканадан алкоголго ууланган бала келип түшкөнүн маалымдашкан. Жерине ыкчам тергөө тобу барып, жабырлануучунун 6 жаштагы П.Ю. экенин аныкташкан. Иликтөө иштеринин алкагында баланын 30 жаштагы апасы суракка алынган. Ал Жайыл районуна караштуу Ставропавловка айылында А.П. аттуу 60 жаштагы жаран менен чогуу жашай турганын айтып, көрсөтмө берген.

11-июлда саат 21:00 чамасында алар спирт ичимдигин ичип отурушкан. Ошол учурда 60 жаштагы А.П.нын тааныштары келип аялга тийише баштаган. Мындан улам ал үйдөн качып кеткен. Бир канча убакыттан кийин үйүнө кайткан аял керебетте уктап жаткан баласын көрүп, өзү дагы уктап калган. Эртең менен баласынын абалын көрүп ооруканага алып барганын айтып берген.

Милиция кызматкерлери жогоруда айтылган жарандарды дагы суракка алган. Анда үйдүн кожоюну А.П. 31 жаштагы уулу менен чогуу ичимдик ичип отурган. Кийинчерээк алар ичимдик ичүүнү үйдөн улантуу үчүн А.П.нын үйүнө келишкен. Ошол учурда 6 жаштагы бала курсагы ачканын айтып, тамак сураган. А.П. балага помидор берип эки рюмка арак ичирүүгө мажбурлаган. Бала каршылык көрсөткөндө А.П. аны башка чаап жиберген", - дейт маалымат кызматы.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 137-берене менен катталып, бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
20.07.2019. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайран Гана жаш балдар кордолгон эле жаш балдар Ким тууса дагы ОЗУ карабайбы баланы
20.07.2019. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала каза болуп калды деп атышат ко. Чынбы ошо???
20.07.2019. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
А.П ны С.К башка чаап,Р.П сы уктап калып,Ж.Кны О.Т суракка чакырып,В.Ф изделип жатат )))
20.07.2019. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Капырай жана эле каза болуп калды деп атпадынар беле, адашып калган жоксунарбы
.. деги аман болсун эмнеси болсода
21.07.2019. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Каза болуп калды менин сасетим болчу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: