super.kg logo

SUPER.TV'дан жаңы сериал: Келинин кетирем деген кайнене небересин өлтүрүп алды

 

SUPER TV бул ирет көрөрмандарына жаңы сериалын сунуштайт. Анда сүйүүгө, көңүл калууга, жоготууга, кыянаттыкка кабылган жаштар тууралуу баяндалат.

Сериал жалпысынан 5 бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүм сүйүшкөндөрдүн баш кошуусуна тоскоолдук жараткан кайнененин амалдары, жоруктары тууралуу болот. "Уулума тийсең жашооң тозокко айланат" деген кайнене менен келиндин тиреши кандай болгонун жана эмне менен аяктаганын көрүү үчүн шилтеме.


Сериалдын экинчи бөлүмүндө кайнене уулу менен келинин ажыраштыруу үчүн көзү ачыкка барат. Кайнене эки жашты эмне себептен ажыраштырам дегенин шилтеме аркылуу өтүп, көрүңүз.


Үчүнчү бөлүмдө көрөрмандарды жашыткан окуялар орун алат. Тагыраагы, кайнене бул ирет небересин өлтүрүп, оор кылмыш жасайт. Бул окуядан кийин кайнене жаза алабы, келини кетип калабы? Шилтемени басыңыз.


Сериалдын уландысы бактылуу, кайгылуу мүнөттөргө дагы бай десек болот. Жаштар ар кандай сыноолордон качып чет өлкөгө кетишет. Жашоосу жакшы жакка бурулуп баштаганда үйлөрүнө кайтууга мажбур болушат. Мына дагы бир сыноо башталды. Ал кандай сыноо экенин шилтеме аркылуу өтүп көрүңүз.


Жыйынтыктоочу бөлүм "Эми сен тынч укта, апа" деп аталып, кайнене менен келиндин тирешинин токтогону тууралуу болот. Акыркы бөлүмдү көрүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: