super.kg logo

Бишкекте мелдеш учурунда рулду башкара албай көрүүчүлөрдү сүзүп кеткен унаа кырсыгынан 6 адам жабыркады

 

Бишкектеги "Жеңиш" аянтында өткөн дрифт боюнча мелдеште айдоочу унааны башкара албай көрүүчүлөрдү сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 6 адам жабыркаганын Бишкек ШИИББинен билдиришти.

"Тойота Марк 2 үлгүсүндөгү унааны 32 жаштагы Л.А. аттуу жаран башкарып келе жаткан. Ал Ибраимов көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө бурулганда рулду башкара албай жолдун четиндеги адамдарды сүзүп кеткен.

Жабырлануучулар денесинен ар кандай жаракаттарды алып, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Жабыркагандар 1987-жылы туулган А.Н., 1992-жылы туулган Д.К., 1997-жылы туулган У.М., 2000-жылы туулган К.К. экени аныкталган. Мындан тышкары 1978-жылы туулган Ч.Ж. жана 1982-жылы туулган Н.М. аттуу эки кытай жараны жабыркаган", - дейт басма сөз кызматы.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 155-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда соттук медициналык экспертиза дайындалганын кошумчалады башкармалыктан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
21.07.2019. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атаганат аран жургондо Кыргызга дрифтти не кереги бар.Шаардын так ортоскнда дрифтке балээ барбы.Биз шаардын ичинде 60тан ашсак очойто штраф толойбуз.Мооу чимкриктердики жашылбы? эмне?Уруксат берген МАЙ кызматкерлерин, уюштуруучуларын ж.а водителди кошо ХХХХХ камаш к.к.Дрифти шаардын сыртында атайын трек аянтчада жасайт!Кытайдын так борборуна барып жыл 12 ай эс албай дрифт бергиле.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-22 10:56:15
22.07.2019. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aza17, туура, шаардын чок ортосунда да жарыш уюштурабы(((Уруксат бергендерди жоопко тартуу керек.
21.07.2019. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тиги кытайларды нары жакка жөнөтүп жиберсеңер деле болмок экен, бирок кыргыздарга Кудайым шыпаасын берсин.
22.07.2019. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
JENTLEMAN,Ок ак.ң оозун у..йын,кытайбы,индуспу,негрби..алар да биринчи кезекте адам, адамга да өлүм тилейби акыл эси соо киши (((
22.07.2019. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эсин барда этегин жап болуп атабыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: