super.kg logo

Түркмөнстандын президенти каза болду деген маалымат тарады

 

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов каза болду деген маалымат тарады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Түркмөнстандын оппозициялык каналы кечээ, 20-июлда түшкү убакыттан кийин Гурбангулы Бердымухамедов бөйрөк оорусунан каза болгонун билдирген.

Ал эми Евразия маселелери боюнча мониторинг борборунун директору Аслан Рубаев президенттин өлүмү тууралуу Ашхабадда иштеген жеке ишкерлер маалымдаганын айткан.

Учурда бул маалымат расмий түрдө тактала элек.

"Хроники Туркменистана" басылмасынын маалыматына ылайык, Гурбангулы Бердымухамедов 5-июлдан тартып 15-июлга дейре эл көзүнө чыккан эмес. 15-июлда мамлекеттик телеканалдар анын эмгек өргүүсүнө чыкканын, убактысын үй-бүлөсү менен чогуу өткөрүп, чыгарма жазып жатканын репортаж аркылуу маалымдашкан. Андан бери президент тууралуу эч кандай маалымат таратыла элек.

Гурбангулы Бердымухамедов 1957-жылы 29-июнда төрөлгөн. Ал 2007-жылы 14-февралда Түркмөнстандын президенти болуп шайланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(9)
21.07.2019. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Өзү 61 жаш президенттер үчүн кооптуу окшойт.
21.07.2019. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечеле мышыктар менен ойноп атат эле
21.07.2019. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тактап анан жазсанар. Бир да сайттан окубадым мындай маалыматты.
21.07.2019. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт
21.07.2019. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Элдин каары жаман. Эл каргап коюп биздикилер эмне болуп атат. Элден корккула.
21.07.2019. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ичер суусу түгөнсө өлөтта, анан өлсө өлүптүрда, анын эмнеси жаман же коркунучтуу? баарыбыз өлөбүз күнү келгенде. Жайы жаннаттан болсун, арты кайрымдуу болсун.
21.07.2019. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Опозиция айтса значит олуптур да
21.07.2019. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тирүү адамды кантип өлдү дешсин,өлгөнү чын окшойт.Каримовту да башында айтпай жашырышпады беле.
22.07.2019. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өлгөн эмес,өзүн фейк кылып,кээбир саясий максаттарын ишке ашыруу үчүн ушинтип турушат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: