super.kg logo

Түркмөнстандын президенти каза болбогону, ал Германияга учуп кеткени айтылууда

 

5-июлдан тартып 15-июлга дейре эл көзүнө чыкпаган Гурбангулы Бердымухамедовдун каза болгону тууралуу тастыкталбаган маалыматтар тарады. Ал эми "Хроники Туркменистана" басылмасы президент каза болбогонун, ал Германияда экенин жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Гурбангулы Бердымухамедовдун апасы Огулабат Бердымухамедова 10 күндөн бери Германиядагы ооруканалардын биринде оор абалда жатат. Аталган басылма ушул жылдын май айында түркиялык дарыгерлер, анестезиологдор тез арада Ашхабадга учуп кеткенин кошумчалаган. Дарыгерлердин тез арада Ашхабадга келүүсүнө өлкө башчысынын апасынын ден соолугу себеп болушу мүмкүн экени айтылган.

15-июлда мамлекеттик телеканалдар Гурбангулы Бердымухамедовдун эмгек өргүүсүнө чыкканын, ал убактысын үй-бүлөсү менен чогуу өткөрүп, чыгарма жазып жатканын репортаж аркылуу маалымдашкан. Андан бери президент тууралуу эч кандай маалымат таратыла элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
21.07.2019. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Супер инфо азаматсыңар кайрадан эле.Кой ташта атамбаевдин жолугуушусун жаза баштадыңар эле,бүгүн анча маанилүү эместей го ээ жолугушуу.Ошондой болсун кундөн күнгө маанисиз болуп,Кой таштык кошуналары да жадаган чыгаар.
21.07.2019. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
titanik32,бугун жекшемби.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: