Сентябрь айында Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүү пландалууда
Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүү жана уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү мамлекеттик органдарга ведомстволор аралык жумушчу план, оюндардын ачылыш жана жабылыш концепциясынын долбоорун, спорттук жана маданий иш-чаралар жөнүндө жобо иштеп чыгуу тапшырылды.
Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, биринчи жолу Улуттук көчмөндөр оюндарын Талас облусунда үстүбүздөгү жылдын сентябрында өткөрүү пландалууда.
Күтүлүп жаткандай оюндардын маданий бөлүгү - этношаарча, этнобазар, кол өнөрчүлөр базары жана башка көптөгөн иш-чаралар "Манас Ордо" комплексинин аймагында өтөт, ал эми спорттук бөлүгү Райкан Алканов атындагы ипподромдо болот. Учурда Улуттук көчмөндөр оюндарынын бардык объекттеринде даярдык иштери жүрүүдө.














1 |