super.kg logo
  Саясат  

Адвокат Атамбаевдин үйүнө ИИМ министринин орун басары барганы боюнча: "Эгер күч колдоно турган болсо өз укугубузду коргоого даярбыз"

 

"Алмазбек Атамбаевдин үйүнө ИИМ министринин орун басары барганы дагы бир ирет мыйзам бузулганы" деп бүгүн, 22-июлда SUPER.KG порталына экс-президенттин жактоочусу Сергей Слесарёв билдирди.

"Мен башынан эле ИИМ кандайдыр бир аракеттерди жүргүзүүгө эч кандай укугу жок экенин билдиргем. Бүгүн ИИМ министринин орун басары суракка алуу үчүн барганы да мыйзамсыз. Кимдир бирөө канча кааласа да Атамбаевди кол тийбестиктен ажырата албайт. Себеби мыйзамда ушундай жазылып калган.

Мен буга чейин 3 суракка чакыруу боюнча үч кат жолдогом. Анын ичинде ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын башчысы, ИИМ министрине да жазылган каттар бар. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жооп келген жок. Жолдогон каттарда эмне себептен алардын аракеттери мыйзамсыз экенин юридикалык тил менен түшүндүрүп бергем. Алар тараптан бул аракеттер тиешелүү токтомдун негизинде аткарылып жатканын гана билдиришкен.

Эгер күч колдоно турган болсо, өз укугубузду коргоп, тиешелүү мекемелерге кайрылууга даярбыз. Биздин негизги максатыбыз - бардык иштер мыйзамдуу талаада жүрүшү боюнча талап", - деди Слесарёв.

Окуянын чоо-жайы:

Алмазбек Атамбаев 8-июль күнү биринчи жолу, 10-июль күнү экинчи жолу, 18-июль күнү үчүнчү жолу ИИМге суракка чакыртылган. Суракка чакырууга байланыштуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басыңыз.

27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Экс-президенттин адвокатынын айтымында, парламенттин бул чечими мыйзамсыз.

Алмазбек Атамбаевди коргоо максатында 22-июнь күнү "Элдик штаб" түзүлгөн. Ошол күндөн тарта экс-президент Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен жолугушууларды өткөрүп келет. Ага байланыштуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: