super.kg logo

Тажикстан тарап чек арадагы жаңжалдан бир адам каза болуп, 10дон ашуун адам жаракат алганын билдирди

 

Тажикстандын чек ара кызматы Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан бир адам каза болуп, 10дон ашуун адам жаракат алганын билдирди. Мындан сырткары Ворух айылынын жашоочулары эки өлкөнүн президентинин жолугушуусуна даярдык көрүп жатканда чыр чыкканы айтылат.

"Даярдыктын алкагында Ворухтун жашоочулары Тажикстандын желегин илип жатышкан. Саат 16:35 чамасында Кыргыз жарандары буга каршылык көрсөтүп, өз алдынча жерди казып Ак-Сай деген жазууну жана өлкө желегин илип коюшкан. Бул иш-аракеттер Тажикстандын аймагында болгондуктан Ворухтун жашоочулары каршылык көрсөтүп, эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Кыргыз жарандары таштарды ыргытып, аны менен катар курал да колдонгондуктан Ворухтун бир жашоочусу октон каза болду. Дагы үч адам жаракат алды. Ыргытылган таштардан 7 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Бул арада Кыргыз жарандары Исфара-Ворух жолун жаап салышты.

Эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусунун алдында чыккан окуя кыргыз чөйрөсүндө чек арада тынчтык болушун каалабай, чагымчылдык кылып жатышканынан кабар берет.

Азыркы тапта окуя болгон жерде Кыргыз жана Тажик чек ара кызматынын расмий өкүлдөрү турат", - деп билдирет Тажикстандын чек ара кызматы.

Маалыматка караганда, ушул аптанын соңунда президент Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара шаарында жолугушуп, Кыргыз-Тажик чек арасын тактоо маселесин сүйлөшмөк.

22-июлда Ак-Сай айылынын тургундары менен Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Уруш учурунда жарандардын бири курал колдонуп ок чыгарган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы жаңжалдан 8 адам жабыркаганын, экөөсүнө операция жасалганын кабарлаган. Ак-Сай айылынын жашоочусу болсо 11 адам жабыркап, алардын тогузу октон жаракат алганын айтты. Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосундагы жаңжал боюнча Кыргыз Чек ара кызматы да билдирүү таратты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
23.07.2019. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
"Бул арада Кыргыз жарандары Исфара-Ворух жолун жаап салышты." Эн туура кылыпсынар, тажиктерге бир карыш жерибизди да бербейбиз
23.07.2019. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kechirmeni,зор болуптур бекем болгула баткендиктер
23.07.2019. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Баткендик туугандарга рахмат. Силерге Кудайым күч кубат берсин
23.07.2019. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кунумдук нерсе бул бизде таш уруш воздуха ок атыш
23.07.2019. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18

Буларың жөнөкөй жашоочулары деле чыр анан аксым келишет...А биздин кыргыздын илгертен канында бар сабырдуулук деген, качан сабыры түгөнүп, чегине жеткенде аралашат ызы чуу окуяга.. Баткендик туугандар силерге ырахмат, бизге окшоп дивандан көрсөтпөй баатырлыкты ,жеринде көрсөтүп, жарма патриотторго үлгү болуп жатасыңар!
23.07.2019. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Аксай эли бар болгула чек ара кызматкерлери дагы силерчелик коргой албайт
23.07.2019. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Эмнеге ишенимдүү эле жазып жатасыңар. Кыргыз тарап чагымчылдык кылды деп. Башка өлкөлөр жалгандан болсо да өз элинин таламын талашат. А биздикилер болсо тескерисинче.
23.07.2019. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жогорудакы жазууну тажик тарап жазган. Ошол тексти озгортуусуз бериптир.
23.07.2019. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ырахмат силерге баткендик жердештер, силер чыныгы патриот, эл жерин суйгон азамат экенсинер,баатырдыкты силерге бериш керек, кайдагы 7-апрель баатырлары дебей,
23.07.2019. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
asash, туура Кыргыз Эли баатыр Эл. ошондуктан кылымдар бою жашап келген. Минус баскандарга тан калам.
23.07.2019. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ворух биздин жер . Неге чондор ала алышпайт ошо жерлерибизди.
23.07.2019. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
katerina.li,сатып ийишкен болуш керек ал жерди биздин чимкириктер, тажиктерге
23.07.2019. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
чек арадагы чыр чыгарган тажиктер, чек араны чечпеген чондор-баарын ХХХХХ экенсинер
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-23 12:06:19
23.07.2019. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
уйундо туруп алып ургон баатырларды алып барыш керек эле да ал жакка
23.07.2019. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сөз жок мындай ХХХХ чек араны чечмек эмес, дагы бир ирет намыска жарадыңар бир боорлорум
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-23 17:37:32
23.07.2019. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Президенттин Тажик республикасына иш сапары менен баруусунун алдында болуп аткандыгы, бул атайын жасалган бут тосуу деп айтууга болот.Себеби президентти алмаштырууга кайсы бир саясий фигуралар кызыкдар. Мындай жол менен саясий атаандашына сокку уруу кимдин позициясына дал келээри сокур адамга деле түшүнүктүү болуп турат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: