Ысык-Көл. Облус боюнча Тоң району активдүүлүгүн көргөзүүдө
			
			Ысык-Көл облусунда саат 16:00гө карата алынган маалыматтар боюнча, 190676 шайлоочунун 64436сы же 33,8 пайызы өз добуштарын беришти. Райондор боюнча алсак, Ак-Суу районунда - 12261 адам же 36,9 пайыз, Жети-Өгүздө - 13867 адам (31,1%), Ысык-Көлдө - 14785 адам (29%), Тоңдо - 11944 адам (43,4%), Түптө 11579 адам (33,7%) добуш берди. Ал эми Чолпон-Ата шаарында 1410 адам же 21,4
пайыз шайлоочу атуулдук милдеттерин аткарып бүтүштү. Учурда шайлоо уланууда. Ушул убакытка чейинки алынган маалыматтар боюнча, мыйзам
бузуулар катталган жок. Бул тууралуу Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн басма сөз катчысынын милдетин аткаруучу Алтынбек Давлетов билдирди.
			
			
			
			
				
			
						
				
					
									
				
								Автор: Айзат Анарбекова
												 
			
	
	 Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
			
		 Рубрикадагы соңку кабарлар 
Рейтинг: 
 0 
		
		
     		
 0 
		
  Талкуу жабык.
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














