super.kg logo

Бишкекте жер сатуу боюнча алдамчылыкка шектелип 33 жаштагы аял кармалды. Ал мурда дагы соттолгон

 

Бишкекте жер сатуу боюнча алдамчылык кылган шектүү кармалды. Маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Октябрь РИИБине О.Г. аттуу аял кайрылган. Арызда К.Н. аттуу аял анын ишеничине кирип, Өскөн-Ордо жаңы конушунан жер тилкесин 3 миң 800 долларга саткан. Андан соң айткан убадаларын аткарбастан из жашырып качып кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 204-берене "алдамчылык" боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 33 жаштагы мурда соттолгон К.Н. аттуу аял кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды.

Ошондой эле милиция кызматы кимде ким жер боюнча алдамчылыкка кабылса же башка маалыматтарды билген болсо, төмөндөгү номерлерге байланышып коюуну өтүнөт.

Байланыш телефону: 0551 102 289, 0554 102 188.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.07.2019. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бетин жаап, атын кыскартып койсоңор не деп чалыш керек милицияга? Биротоло номерлерди да кыскартып койгула эми!
TIMON_BERKOWITZ түзөттү 2019-07-23 13:50:12
23.07.2019. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мындай кылмышкерлердин эмнеге бетин жабасынар дейм да.ачкыла да бетин бул Адам канчаны сыздатты ким билет,Ошо элди алдагандан уялбаган адамды,силер суротун толук чыгаргандан уялып жатасынарбы.анан дагы тааныгандар болсо дейсинер.бетин жаап койсонор же атын толук жазбасанар каягынан тааныйбыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: