super.kg logo

Төрт мезгилди бир убакта көрүүгө болгон Кыргыз өлкөсү. Бишкек-Ош жолундагы кооз жаратылыш (фоторепортаж)

 

Кыргыз өлкөсүнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирип турган Бишкек-Ош жана Талас облустарына жеткирген жолдогу сонун жаратылышты сүрөткө тартканга аракет кылдым. Баарыбызга белгилүү болгондой, бул жолдогу кооздукту кээ бирлер түндө жол жүрүп же уктап калып көрбөй калгандары болушу мүмкүн. Башкача айтканда, менин көзүм менен сулуулукка көз чаптырууну сунуштайм.

Төө-Ашуу ашуусу

Бишкектен жол тартканда эле Төө-Ашуудагы кооздук көрүнөт. Бул ашуунун чокусунан ылдый мөңгүнүн таштан-ташка урулуп аккан суулары суктандырат. Анан да даамы башкача, таштарга урулуп түшкөн суу кадимкидей кымызды бышканда сонун болуп калат эмеспи, мына ошондой тамшануу менен ичесиң. Бул жерден өткөн сайын айдоочуну сөзсүз токтотуп суу алам. Муздак мөңгү суусу тиштериңди какшатып жиберет, бирок даамы сонун. Андан соң бийик зоолор, бул жакта салыштырмалуу жаз кеч келет эмеспи, башка аймакта гүлдөп бүткөн гүлдөр июль айында эми гүлдөп жатканын байкоого болот. Эми шашпай жүргөндө токтоп, суктанып, сүрөткө түшүп кетсе болот. Бирок "сууга, гүлгө токто" дей берсем айдоочу ошол жерде мени калтырып кетип калмак. Ошол себептен жай жүргөн унаанын ичинен кооздуктарды тартып жетишип жаттым.

Ии, баса, Төө-Ашууда астма оорусу менен ооругандарды дарылоочу оорукана бар экенин билчү белеңиз? Эми чогуу билип жүрөбүз. Буга чейин бул жерди байкачу эмесмин, айдоочудан сураганда атайын астма менен ооругандар үчүн курулган оорукана деп айтып берди.

Париж

Төө-Ашуудан түшкөндө айтылуу Париж башталат. Бул жерди кечинде дагы тартып коюш керек. Балким, кийин түнкү сүрөттөр менен бөлүшүп калармын. Аты айткандай эле Париждей жарык күйүп бийиктиктен кооз көрүнөт. Бул жерден куруттун түрүн жана кымызды тандап сатып алсаңыз болот.

Төрт мезгилди бир убакта көрүүгө болгон Суусамыр, Өтмөк жана Ала-Бел

Кыргыз өлкөсү ушундай көз күйдүргөн жаратылышка ээ болуп калганы үчүн биз эң эле бактылуубуз. Себеби башка жакта төрт мезгил деле жок, а бизде болсо кээде бир учурда төрт мезгилди көрүүгө болот. Өзгөчө жаз, жай жана күз мезгилдеринде бул өрөөндө бир туруп жамгыр, кар жаап сала берет. Анан күн ысык болуп жай келип кайра өз ордуна түшөт. Андан тышкары жолдо өтүп бара жатканда байкасаңыз керек, тоолордун чокуларында мөңгү жатса, бир аз төмөн жагында жаз, жай мезгили болуп турат.

Чычкан

Бул жерде кыргыздын улуттук тамактарын арзан баада сатып алып, тамактанып, эс алып кетсеңиз болот. Ар бир кафе же эс алуучу жердин өзүнүн эң даамдуу тамактары бар. Бул аймакка жакындаганда тандоо башталат. Унаанын ичинде бара жаткан кардарлар ар бири өз оюн айтып, добуш көбүрөөк топтогон адамдын же айдоочунун сунушу менен бир жерге токтоп тамактанышат. Бирок бул ирет кафелердин тамактарынан сүрөт жок. Себеби биздин унаанын ичиндеги кардарлардын бири Суусамырга бара турган болуп, анын сунушу менен Суусамырдагы атайын боз үйлөрдөн салынган лагерлердин биринде козунун этинен куурдак жеп кайттык. Эми Суусамырдагы эс алуучу жайлар тууралуу алдыдагы фоторепортаждардан окуй аласыздар.

Чычкан өрөөнүндө сиз каалаган өлчөмдө желим идиштерге куюлган бал сатылат жана балык дагы бар, мына ошолордон алсаңыз дагы болот.

Андан соң Токтогул, Үч-Терек, Көк-Бел, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарынан Ош жана Жалал-Абадга солго бурулса, биз Аксыга кеткен оң тараптагы жол менен сапарыбызды уладык. Тилекке каршы, бул жерлерден сүрөт жок, биз тамактанып Суусамырдан чыгып, Ала-Белге жеткенге чейин күүгүм кирип кетти.

Бул маалыматтар менин сурап, билгенимдин деңгээлинде баяндалды. Кошумча пикирлериңиз болсо комментарийге жазыңыз...






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(9)
25.07.2019. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Сагыныптырмын.Ооба, чын эле сагыныпмын. Өзүмдү алдап, алаксытканым менен тээ жүрөк кургур баары бир Туүлган жерге тарта берет экен...
25.07.2019. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аксынын кереметтуу кооз жерлерининен баяндасыныз эми
25.07.2019. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
tynar92kg, Ышкын, кымыздык жана чүкүрүнүн айырмасын билесизби? Аксынын керемет, кооз тоолоруна саякаттайбыз (фоторепортаж) http://www.super.kg/kabar/news/272809/
Jakusya түзөттү 2019-07-25 17:22:45
25.07.2019. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Окунучтуусу ушундай кооз Кыргызстаныбыздын кадырына жетпей чачып оюп чукуп болуп жарып тартырып талашып жатабыз АТТИИН туй ата
25.07.2019. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эч нерсеге алмаштыргыс Ата мекен.
Сагыныч,кусалык кыйнады.
25.07.2019. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мени ушундай жерге коноко чакырыныздарчы
25.07.2019. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дагы жакшы сүрөттөрдөн тартсанар болмок. Супер деген жазуу бир жолду көрсөтпөй койду.
26.07.2019. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кичиненден өтүп жүргөн жерлер көзгө сонун көрүнөт. 5 жылдан бери өтпөй сагынып калыпмын, азыр барып өткүм келип кетти)))
26.07.2019. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ТОО ташты да мактай бергиле эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: