super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал өзгөргөн жок. Исфана-Баткен жана Исфара-Ворух жолдору жабык бойдон турат

 

Бүгүн, 24-июлда Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал өзгөргөн жок. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, Исфана-Баткен жана Исфара-Ворух жолдору жабык бойдон турат. Аталган мекеме эки өлкөнүн чек ара кызматынын башчыларынын сүйлөшүүсүнүн негизинде кырдаалды чек арачылар көзөмөлгө алып, күчөтүлгөн режимде иш алып барышууда. Ошондой эле жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.

22-июлда Ак-Сай айылынын тургундары менен Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Уруш учурунда жарандардын бири курал колдонуп ок чыгарган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан жаңжалдан 8 адам жабыркаганын, экөөнө операция жасалганын кабарлашкан. Ак-Сай айылынын жашоочусу болсо 11 адам жабыркап, алардын тогузу октон жаракат алганын айткан.

Жаңжал боюнча Кыргыз жана Тажик чек ара кызматы да билдирүү таратты. Тажикстан тарап жаңжалдан 1 адам каза болуп, 10дон ашуун адам жаракат алганын маалымдады.

Вице-премьер Жеңиш Разаков, чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Баткен облусуна барышты.

Жаңжалдан кийин Лейлек районуна кете турган Исфана-Баткен унаа жолу жабылганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.07.2019. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанжал чыкандан кийин эмес чыгардын астында суйлошсо болбойт беле
24.07.2019. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жол качан ачылат эми?
24.07.2019. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанагы спикер баш болгон депутаттар Раиммиллонго окшогон уурулардын тоюна топтошуп алып барышат экен. Кыйын болсо топтошуп алып чек арага барышпайбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: