super.kg logo

Өкмөт тийиштүү кызматтарга Ботаникалык бакты сугарууга байланыштуу маселени чечүүнү тапшырды

 

Өкмөт Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы Ботаникалык багы илимий-изилдөө институтунун ирригациялык тутуму маселесин шаардык кызматтардын катышуусунда жеринде карап чыкты. Бактын аймагын карап чыккан соң тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмалар берилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын ичинде Бишкек шаардык мэриясына дренаждык каналды Чоң Чүй каналынын бою аркылуу батышты көздөй (7-апрель көчөсүнөн Аламүдүн дарыясына чейин) отоо чөптөрдөн тазалоого көмөк көрсөтүү тапшырылды.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы А.Токомбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ноону бир күндүк мөөнөттө иретке келтирип, ага түшкөн сууну көбөйтүүгө тийиш. Муну менен бирге Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгына ирригациялык канал катары колдонуу үчүн Ботаникалык бакка эски лотокторду (өз алдынча алып кетүү жолу менен) өткөрүп берүү мүмкүндүгүн карап чыгуу тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Ботаникалык бактын аянты - 150 гектар. Бактын коллекциялык фондуна өсүмдүктөрдүн 5 миңге жакын сорттору жана түрлөрү кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: