super.kg logo

Кыргыз мигрантына колдоо көрсөткөн орусиялык айымга Ысык-Көлгө жолдомо берүүнү сунуштап жатышат

 

Москвада Кыргыз жаранына колдоо көрсөтүп, аны полиция бөлүмүнө алып барарда токтотуп калган айымды Ысык-Көлгө эс алууга чакырышууда. Окуя учурунда тартылган видео тарагандан кийин интернет колдонуучулары ага ыраазычылыктарын айтып, эс алууга жолдомо берүүнү сунуштап чыккандар да болду.

Коомчулукка белгилүү болгондой, окуя 20-июлда Москва шаарында "Третьяковский" метро-станциясынын жанында орун алган. Мыйзам бузбай, жөн гана отурган Кыргыз жаранынын паспортун туристтик полиция кызматкерлери текшерүү үчүн сураган.

Ошол маалда окуянын чоо-жайын билүүгө кызыкдар болгон эл топтолуп, окуяны баштан аяк уюлдук телефонго тартып интернетке жүктөшкөн. Алардын арасында турган Ирина Яценко Кыргыз жаранынын таламын болушунча талашып, жигитти камакка алып кетүүгө каршы турган. Окуянын жүрүшүндө Кыргыз жараны эрежени бузбаганы жана ал Орусиянын аймагында мыйзамдуу жүргөнү такталды.

Милиция кызматкерлерине "Эмне үчүн паспортун текшерип жатасыңар?" деп суроо беришкенде, алар жооп бере алышкан эмес. Интернет колдонуучулары тарабынан Ирина Яценконун адамгерчилик сапатына карата жылуу пикирлер азыркы учурга чейин айтылууда.

Окуя боюнча интернеттеги баракчасына пикирин жазган Ирина Яценко сөзүн кыргызча саламдашуу менен баштады.

"Саламатсыздарбы? Менин Кыргыз жерине көчүп барайын деген оюм жок. Кыргыз тилин өздөштүрөрүмө деле ишеним арткан жокмун. Болгону акыркы күндөрү баракчама катталган колдонуучуларга өз тилинде саламдашууну туура көрүп турам. Бирок кыргыз тилин кытай тилине салыштырмалуу начар билгендиктен орусча жазайын. Видео жарыяланган соң мага миңдеген адамдар жаза баштады. Бардык комментарийлерге жооп бергенге аракет кылып жатам, бирок алар өтө эле көп санда болуп жатат. Ыраазычылык сөзүн жазган инсандарга, Ысык-Көлгө жолдомо сунуштагандарга айтарым: жылуу пикирлериңизге жана чакырууларга рахмат! Ал жигитке жардам бере алганыма өтө кубанычтамын.

Менин оюмча, Орусияда өз укуктарын билген, өзүн коргоого аракет кылган адамдардын саны көбөйүп жатат. Андай адамдардын саны арбыганда биздин жашообуз түп тамырынан өзгөрөт. Идеология, раса, улут, тутунган дини, саясий көз карашына карабай адам укуктары баарында бар", - деген ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(10)
24.07.2019. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Азаматсын Ира! Кыргыздар жакшы калкпыз просто анча мынча арабызда кумалактарыбыз бар
24.07.2019. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Азаматсын!!! Лично мен аэропорттон тосуп Бишкекке чейин алып келип авто вокзалдан Ысык-Колго салып жибергенге даярмын!!!
24.07.2019. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tular,бирок мен КР эмесмин деп кой а)))
24.07.2019. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Лагман менен
24.07.2019. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Келсе калпак кийизип койбогула дагы
24.07.2019. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
katerina.li,Туура айтасың бизде эркек аял айырмасын билбеген адамдай чапан калпак кийгизип жатышат ак мээлер. А так жардын)))
Mamiev түзөттү 2019-07-24 18:23:05
24.07.2019. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
келгилечи кайактагыны реклама кылбай ошо полтиция менен бул айал тууган экен. экобутен бир оруста! Анданда коп бизде проблемалар Ак-сай айылына барып тарткылачы адамдар октон учуп таштан башы жарылып олтурат мекенди коргойбуз деп!!!
24.07.2019. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Saiit,а десе б деген адам экенсиң ((Эсиңде болсун, жамандык менен жакшылык жанаша жүрөт.
24.07.2019. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Азамат мыкты айым! Биздин ошол шаардагы елчилик ушул айымга жолугуп, ыраазычылык билдирип Ысык-Колго жолдомо берип койсо зынк болмок екен
24.07.2019. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таш менен урганды аш менен ур деген бар эле.Тиги полицейскийди да чакырып коёлу уй булоосу менен эс алып кетсин экинчи жон эле тийишпей калсын Кыргыздарга.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: