super.kg logo
  Саясат  

Саясат таануучу Алмазбек Акматалиев: "Атамбаев кайра келеби, келбейби ошого жараша анализ кылуу керек". КҮНСОБОЛ

 

Бүгүн, 24-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Москвага учуп кетти. Атамбаев өз сөзүндө эртең кечки саат 19:00дө Кыргыз өлкөсүнө кайтып келерин айтты. Учурда анын кайтып келиши боюнча социалдык тармактарда ар түрдүү пикирлер айтылууда.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы “Атамбаев Москвага барып келген соң өлкөдөгү саясий кырдаал өзгөрөт деп ойлойсузбу?” деген собол салды.

Саясат таануучу Алмазбек Акматалиев алдын ала кандайдыр бир божомол айтуу кыйын деген пикирде.

"Атамбаев кайра келеби, келбейби ошого жараша анализ кылуу керек. Алдын ала кандайдыр бир божомол берүү кыйыныраак. Ал Москвадан ким менен жолугат, кандай ой менен келери азырынча белгисиз. Анын баары белгилүү болгондон кийин кандайдыр бир баа берүүгө болот.

Эгер кайтып келбей калса, анда да анализ жасашыбыз керек. "Себеби эмнеде? Эмнеге келбей калды? Канча убакытка чейин келбейт?" деп азыркы учурда терең анализ жүргүзүү кыйыныраак", - деди Акматалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: