super.kg logo

Чычкан дарыясына унаасы менен түшүп кеткен 3 классташ баланын жансыз денелери табылды

 

Бишкек-Ош унаа жолунда Чычкан дарыясына түшүп кеткен унаанын ичиндеги 3 классташ баланын жансыз денелери табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-июль күнү Чычкан суусунан 22 жаштагы А.И. аттуу эркек адамдын жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Каза болгон жарандын жакындары унаада дагы 2 адам болгонун айтып, ӨКМнын куткаруу кызматына кайрылышкан.

6-июль күнү издөө иштеринин натыйжасында 22 жаштагы М.Т. уулунун жансыз денеси табылган. Ошондон бери издөөдө жүргөн дагы бир баланын жансыз денеси 23-июлда саат 18:40та унаа түшүп кеткен жерден 16 чакырым алыстыктан табылган.

Жансыз дене суудан чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.07.2019. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларда мас боөгондурда жалаң балдар болсо. Жаман болуптур неси болсода.
25.07.2019. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш балдар унааны учура айдашат да озу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: