super.kg logo
  Саясат  

Владимир Путин: "Кыргыз өлкөсүнө саясий туруктуулук керек. Эл азыркы бийлик, президент Сооронбай Жээнбеков тарапта болушу абзел"

 
Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз өлкөсүнө саясий туруктуулук керек экенин билдирди. Ошондой эле ал кыргыз эли азыркы президент тарапта болуп өлкөнүн өнүгүшүнө жардам бериши керек экенин кошумчалады. Мындай маалыматты орус басылмалары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, бүгүн, 24-июлда Владимир Путин экс-президент Алмазбек Атамбаевди Кремлде кабыл алды. Орусиянын президенти журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, буларга токтолду.
"Менин позициям белгилүү. Алмазбек Атамбаевге чейин эле позициямды жеткиргем. Кыргыз өлкөсү бизге шериктеш, жакын мамлекет. Кыргыз Республикасы эки ирет ички саясий кагылышууларды башынан өткөрдү. Менин оюмча, Кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн бул нерсеге чекит коюлушу керек.
Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын кызматташуусунда көптөгөн пландар бар. Биз азыркы бийлик менен бардык пландарды ишке ашырууга даярбыз", - деди ал.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Кант шаарында жайгашкан авиабазадан Москвага учуп кеткен. Учак саат 18:15те "Внуково" аэропортуна конгону маалымдалган. Атамбаев Москвага 1 күнгө кетти.


кошулду





Путин: "Кыргыз өлкөсүнө саясий туруктуулук керек. Эл азыркы бийлик тарапта болушу абзел"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 14 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: