super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек арасында кырдаал туруктуу. Исфана-Баткен жана Исфара-Ворух жолдору ачылды

 

Бүгүн, 25-июлда Кыргыз-Тажик чек арасында кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, Исфана-Баткен жана Исфара-Ворух жолдору ачылды. Эки өлкөнүн чек арачылары күчөтүлгөн режимде иш алып барышууда. Жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү уланууда.

22-июлда Ак-Сай айылынын тургундары менен Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Уруш учурунда жарандардын бири курал колдонуп ок чыгарган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан жаңжалдан 8 адам жабыркаганын, экөөнө операция жасалганын кабарлашкан. Ак-Сай айылынын жашоочусу болсо 11 адам жабыркап, алардын тогузу октон жаракат алганын айткан.

Жаңжал боюнча Кыргыз жана Тажик чек ара кызматы да билдирүү таратты. Тажикстан тарап жаңжалдан 1 адам каза болуп, 10дон ашуун адам жаракат алганын маалымдады.

Вице-премьер Жеңиш Разаков, чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Баткен облусуна барышты.

Жаңжалдан кийин Лейлек районуна кете турган Исфана-Баткен унаа жолу жабылганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.07.2019. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жениш Разаков Аксай айылына баралган жок,барбады
25.07.2019. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чек арада жашамайынча элди тушуно албайбыз барыбир. Кызуу кандуулукка алдырышпаса болгону
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: