super.kg logo

Окумуштуулар: "Кант кошулмасы менен жасалган ширелер рактын пайда болушуна алып келет"

 

Таттуу ширелер рактын пайда болушуна алып келет. Мындай пикирин француз окумуштуулары айтып чыгышты.

Жемиштен жасалган ширелер газдалган суусундуктарга салыштырмалуу организмге пайдасын тийгизет деп айтылып келгени белгилүү. Тhe BMJ журналы жаңы изилдөөлөргө таянып, көпчүлүктүн оюн өзгөртө турган макаланы жарыялады.

Миңдеген адамдан алынган анализдердин жыйынтыгы боюнча зыянсыз деп эсептелген мөмө-жемиш ширелери зыяндуу деп табылууда. Ар түрдүү таттуу ширелер ашыкча салмактын пайда болушуна жана метаболизм синдромунун өөрчүшүнө алып келет. Андан сырткары кант ашказан микрофлорасынын курамын өзгөртүп, глюкозанын көбөйүшүнө себеп болот.

Таттуу ширелердин онкологиялык ооруларды пайда кылары тууралуу жетишерлик изилденген эмес. Матильда Тувье баш болгон Сорбонна университетинин окумуштуулары изилдөө жүргүзүштү.

Изилдөөнүн жыйынтыгында таттуу суусундуктар онкология ооруларын пайда кылары аныкталды. Окумуштуулар жарандарга кант кошулмасы бар ширелерди ичүүнү чектөөнү сунушташат. "Кола менен 100 пайыз апельсинден турган бир стакан ширеде канттын көлөмү бирдей. Муну эске алуу керек", - дейт окумуштуулар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.07.2019. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Точно так ушундай. Сок, фанта, кола ж.б конфет, чупачуп баары химикат алдай берет натуральный деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: