super.kg logo

Бүгүн Бишкекте эл аралык "Оймо" фестивалы башталат

 

Бүгүн, 25-июлда Бишкекте эл аралык "Оймо" фестивалы башталат. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара 28-июлга чейин борбор калаадагы Курманжан датка аянты, "Эмен багы" галереясы, Кыргыз сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залы жана Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм өнөр музейинде өтөт. Андан кийин 30-июлдан 4-августка чейин Ысык-Көл облусунда уланат.

"Оймо" эл аралык фестивалы маданий мурастарды сактап калуу, салттуу билимдердин муундан муунга өтүүсүн жандандыруу, Кыргыз өлкөсүндөгү кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз бермети болгон Ысык-Көлдү экологиялык таза, маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу максатын көздөйт.

Фестивалга кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство ишмерлери, Кыргыз этникалык диаспоралардын өкүлдөрү, студенттер, жаштар, балдар, Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларынын тургундары жана меймандары катышат.

Программада фестивалдын катышуучуларынын жана меймандарынын жөө жүрүшү, "Белдемчи" флэш-мобу, салттуу кол өнөрчүлүк технологиялар боюнча балдар жана чоңдор үчүн мастер-класстар, кыргыз жана чет өлкөлүк дизайнерлерден этно стилиндеги фэшн-шоу, креативдүү жаштардын презентациялары, музыкалык топтордун жана манасчылардын концерти, анимациялык фильмдер, тарых жана маданият темасындагы клиптер көрсөтүлөт. Быйыл "Оймо" фестивалы Кыргыз өлкөсүндө 14-жолу өткөрүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
25.07.2019. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чолпон-Атада өтөөрүн айтасыңар, Ошто 16-августта болоорун неге айтпайсынар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: