super.kg logo
  Саясат  

Москвада 4 кыргыз паспорту жок кармалган, учурда алар мигранттарды кармоочу чатырларда күн көрүшүүдө

 
Документтери туура эмес болгон же тиешелүү документтери жок мигранттар үчүн тигилген чатырлар
Чатырларда ар улуттун өкүлдөрү бар
Атайын мигранттар үчүн тигилген чатырлар
Чатырларда күн кечирип жаткан мигранттар
Чатырлар асфальттын үстүнө тигилген
Тиешелүү документтери жок кармалган мигранттар
Мигранттар үчүн тигилген чатырдын ичи

Орусиянын Москва шаарындагы  Иртышский проезд, 8-үй дарегинде жайгашкан мигранттарды кармоочу чатыр лагердеги шарттар менен Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 5-августта таанышып чыкты. Элчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда ал жерде паспорттору жанында болбой калып кармалган Кыргызстандын 4 жараны бар. “Алардын экөө эркек болсо, экөө аял. Мигранттарды кармоочу жайдын шарттары жакшы экендиги жана ал жерде 3 маал тамак берилери белгилүү болду. Бирок кармалгандар жынысына карабастан бардыгы бир чатырга түнөшөт экен. Элчилик бул 4 кыргызга өздүгүн тактоочу документтерди жана кийим-кечелерди ал жайга жеткирип берүү маселесин кароодо”,- деп жазылган билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: