Жогорку Кеңеш 23 чоң унитазга тендер жарыялады
Жогорку Кеңеш сантехника сатып алуу үчүн 708 миң сомго тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жалпысынан 23 чоң унитаз, писсуарга (дааратканадагы заараны агыза турган атайын идиш) сенсордук чабыштыргыч, раковина, душка атайын чабыштыргычтар, сууну агызуучу жабдыктар жана аларды орнотуу үчүн шаймандар алынат.
Буга чейин Жогорку Кеңеш дааратканаларды оңдоо үчүн 2,7 миллионго тендер жарыялаган. Анын жеңүүчүсү болуп "Тянь-Шань импекс" ЖЧКсы жарыяланган, алар бул ишти 2,2 миллион сомго аткарууга макул болушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
2:04
2025-07-23

1:34
2025-07-23

1:15
2025-07-23

0:33
2025-07-23

22:06
2025-07-22
Рейтинг:
-2

Ушул чимкириктердин кымындай пайдасы тийип атабы оюуңарды калтыргыла.
Билдирүүңүз өчүрүлдү.