super.kg logo

"5 балам балдар үйүндө, өзүм аялдар баш калкалоочу жайда жашайм". Күйөөсүнөн азап тарткан аялдын аянычтуу тагдыры

 

Каарманыбыз Зияда Аширова (аты-жөнү өзүнүн өтүнүчү менен өзгөртүлдү) 5 баланын апасы. Ал үстүбүздөгү жылдын 5-июль күнү 5 баласын алып, күйөөсүнүн басымына чыдабай, ичимдик ичкенинин азабынан тажап үйдөн чыгып кеткен. Балдары 2 бөлүндү болуп 2 башка балдар үйүндө багылып жатат. Ал эми өзү азыр баш калкалоого жайы жок айласыз жүргөн чагы.

“Анда-санда ичимдик ичкенине деле кайыл болчумун. Бир күнү оңолуп кетер деген үзүлбөгөн үмүт менен жашай бердим. Бирок ичкенин таштаган жок, тескерисинче, күчөдү. Тили да ачуу, сүйлөсө уу тили алкымыңдан муунтат. Андан көрө көк ала кылып тепкилеп салса дейсиң. Бирок бир да жолу колу тийген жок. Ичет да, уу тилин агытып турат”, - дейт Зияда айым.

Каарманыбыздын тагдыры тууралуу “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№873, 25-июль, 2019-жыл) окуй аласыз.


кошулду





"Супер-Инфо" гезитинин №873-жаңы санында...

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: