super.kg logo

Камчыбек Каримовдун өлүмү боюнча шектелип, Кыргыз жеринде төрөлгөн жаран кармалды

 

Екатеринбург шаарында киши колдуу каза болгон Камчыбек Каримовдун өлүмүнө шектелип Кыргыз жеринде төрөлгөн Зарылбек аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуяга шектелген жаран Челябинск облусунун Коркино шаарынан кармалган.

Окуя болгон үйдүн камерасына үч жаран түшүп калган. Алар аталган жерге Volkswagen Touareg үлгүсүндөгү унаа менен келишкен. Кармалган шектүү аталган унаанын айдоочусу болгон. Ал Кыргыз жеринде туулган. Алгачкы көрсөтмөсүндө күнөөнү моюнуна алган. Ал буга чейин опузалап жана талап тоноочулук боюнча кармалып, өткөн жылдын октябрь айында абактан чыкканы жазылат маалыматтарда.

Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактар бул окуя боюнча "Комсомольская правда" басылмасына төмөнкүлөрдү билдирген.

"Негизи Каримовду шектүүлөр өлтүрөбүз деп пландашкан эмес. Алар "Таганский ряд" базарында иштеген башка ишкерге кол салууну көздөшкөн. Алар көбүнчө кымбат унаа айдагандарды карап жүрүшчү. Бирок буларга Камчыбек Каримов бирөөдөн ири суммадагы акча алганы боюнча маалымат түшкөн. Ошондой эле кол салуу тууралуу 5 гана адам билген. Алар Каримовдон акчаны коркутуу жолу менен алабыз деп ойлошкон. Бирок маркум каршылык көрсөткөн. Унаанын айдоочусу бул иши үчүн 100 миң рубль алганын айткан", - деп жазылат маалыматта.

Уралдагы Кыргыз диаспорасынын мурдагы өкүлү Камчыбек Каримов 2-июль күнү киши колдуу каза болгон. Шектүүлөр Каримовду үйүнүн алдында күтүп турушкан. Баштыкта акча көтөрүп келе жаткан Каримов качканга аракет кылган. Бирок аны алгач бутка, андан соң курсакка атышкан. Акчаны алган кылмышкерлер унаага түшүп кетишкен.

Ошондой эле киши колдуу каза болгон Камчыбек Каримовдун өлүмүн маркумдун жакында абактан чыккан Замир аттуу жердеши уюштурганы буга чейин жазылган.








Камчыбек Каримовдун өлүмү боюнча шектүү жаран кармалды

Автор: Адилет Керимбек уулу
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
25.07.2019. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ууру эч качан узактан келбейт. Билген адамдар гана кылат. Жаткан жери жайлуу болсун! Куноолулор жазасын алсын!
25.07.2019. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Озубуздон чыгат да.
25.07.2019. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргызстандык озбек же тажик болсо Кыргызстандык деп чыгарасынар.Кыргыз экен кылмышкер Кыргыз жеринде торолгон деп жазыпсынарго
25.07.2019. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда төрөлгөн дегени кийин башка мамлекеттин жарандыгын алган деген. Өзбектен да тажиктен да Зарылбек деген атты уккан эмесмин. Кыргыз болушу толук мүмкүн.
25.07.2019. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери жайлуу болсун
25.07.2019. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Душманды алыстан издебе.ХХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-25 16:36:21
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: