super.kg logo

Илон Маск адамдын мээси менен компьютерди байланыштырган технологияларын көрсөттү

 

Компьютер оюндарындагы каармандарды, телефондорду же компьютерлерди бир гана мээдеги ойлор менен башкаруу фантастикалык кинодон чындыкка карай жакындатат. Миллиардер ойлоп табуучу Илон Масктын жаңы стартап компаниясы так ушундай мүмкүнкүнчүлүктөрдү айтат.

Neuralink аталышындагы стартап компания адамдын мээси менен компьютерди байланыштыруу үстүндө иштеп жаткандыгын жана жыйынтыктарга аз калгандыгын Илон Маск Сан-Францискодо болгон жаңы технологиялар презентациясында айтты.

2016-жылы Neuralink компаниясы адамдын мээси менен компьютерлерди байланыштыруу үчүн атайын программа иштеп чыгуу максатында ачылган. "Адамдын мээси менен компьютердик программаны байланыштыруу үчүн мээге атайын сигнал таркатуучу зымдар менен чип жайгаштырылат. Бул зымдар адамдын эң кичинекей чачынан үч эсе кичинекей жана мээге зыян келтирбейт. Бул зымдар адамдын мээсиндеги сигналдарды топтоп окуйт жана ошол эле учурда кайра маалымат тарката алат. Атайын компьютердик чип адамдын баш сөөгүнө орнотулат. Чиптеги маалымат топтоочу зымдар мээнин бөлүктөрүнүн арасына кирип, мээдеги нейрондордон маалымат топтойт. Маалымат топтоочу зымдар абдан кичинекей болгондуктан мээге зыян келтирбестен иштей алат", - деп билдирет Илон Маск.

Компания келемишке бул программаны орнотушканда анын мээсиндеги маалыматтар компьютерге ийгиликтүү которулган. Аталган компания кийинки жылдан тарта адамдардын үстүнөн тажрыйба жасап баштоо үчүн мамлекеттик органдардан уруксат алуу процесси жүргүзүлөрүн билдирди.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.07.2019. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шумдугун кургур...
25.07.2019. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыскасы адамдын мээсин жок кылып тынат экенсинерда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: