super.kg logo

Кыргыз өлкөсүнүн вице-премьери менен Тажикстандын премьеринин орун басары чек ара маселеси тууралуу сүйлөшүштү

 

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Тараптар Баткен-Исфана, Исфара-Ворух жолдорун ачуу тууралуу макулдашышты. "Кечээ биз Тажикстан менен чектеш аймактардагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Кырдаалды турукташтыруу жана жер-жерлерде чыңалууну жоюу максатында эки тарап Баткен-Исфана, Исфара-Ворух жолдорун ачуу тууралуу макулдаштык. Жолдор бүгүн эртең менен ачылды. Ошону менен бирге жергиликтүү калк арасында мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Баткен жана Согдий облустарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен турган кошумча биргелешкен күзөт коюлду. Мындан тышкары чектеш аймактын калк жашаган жерлеринде күзөтүү күчөтүлдү", - деди Жеңиш Разаков.

Тиешелүү кызматтар штаттык режимде иштеп жатышат. Тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү жана кырдаал боюнча маалымат алмашууну улантышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.07.2019. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүйлөшкөнүңөрдө эмне толк эчнерсени чечпегениңерден кийин
25.07.2019. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женин нени чечти эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: