super.kg logo

Ысык-Көлдө Бишкектен эс алууга барган 22 жаштагы жигитти туристтик милиция сууга чөгүп жатканда куткарып калышты

 

Ысык-Көлгө чөгүп жаткан жигитти туристтик милициянын кызматкерлери куткарып калышты. Маалыматты облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 25-июль күнү туристтик милициянын кызматкерлери Т.Абдубахитов, А.Абдылдаев жана С.Ибраев Каракол-Пристань аймагында кызматтарын өтөп жатышкан. Алар Понтон аймагын текшерип жүрүшүп, жардам сурап жаткан жигиттерди байкап калышкан.

"Кызматкерлер балдардын бири пирстен туура эмес секирип, сууга чөгүп жатканын көрүшкөн. Ошол замат кызматкер Т.Абдубахитов сууга секирип түшүп, чөгүп жаткан жигитти куткарып калган. Алар чөккөн балага биринчи медициналык жардамды көрсөтүшүп, андан соң кызматтык унаа менен Каракол шаарына алып барышкан. Сууга чөккөн балага медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал 22 жаштагы Н. аттуу жаран болгон. Бишкек шаарынан Ысык-Көлгө эс алууга барган", - деп билдирет басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.07.2019. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сууда сузушту билбейсинби, анда жээкте эле жат тизеден келген сууда, ысык болот.
25.07.2019. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах ыраазы болсун жардам бергендерге
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: