Жалал-Абад, Ош, Талас облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьялар дайындалды
Жалал-Абад, Ош, Талас облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьялар дайындалды. Президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук сотуна Токтосун Жоробеков, Ош облустук сотуна Тарифа Масабирова, Каныбек Пирматов, Талас облустук сотуна Азамат Алдашов, Айнура Иманалиева, Жекшеналы Курманбаев, Бишкек шаардык сотуна Айнура Маматалиева дайындалды. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
2:04
2025-07-23

1:34
2025-07-23

1:15
2025-07-23

0:33
2025-07-23

22:06
2025-07-22
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.