super.kg logo

Президент: "Баткен облусунун чек ара аймагындагы кырдаал менин жеке көзөмөлүмдө турат"

 

"Баткен облусунун чек ара аймагындагы кырдаал менин жеке көзөмөлүмдө турат" деп бүгүн, 26-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Ак-Сай айылында тургундар менен болгон жолугушуусунда билдирди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы аксайлыктар менен Тажикстандын Исфара шаарына бара жатып жолугушту. Президент укук коргоо органдарына, куралдуу күчтөргө, бардык министрликтердин жана мекемелердин жетекчилерине тийиштүү тапшырмалар берилгенин эске салды.

"Тажик тарап менен биргеликте көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында кырдаал турукташты. Баткен облусунун чек ара аймагына Ички иштер органдарынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кошумча күчтөрү жиберилди. Өткөндөгү силер менен жолугушуудан кийин бул иш ыкчам түрдө аткарылганын өзүңүздөр көрүп турасыздар. Эми чек ара аймактарын көзөмөлдөгөн патрулдук иш туруктуу негизде жүргүзүлөт. Чек ара толугу менен биздин көзөмөлдө турат", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин саны чек арага жакын айылдардын аймагында бир кыйла көбөйтүлгөнүн белгиледи.

"Сиздердин коопсуздугуңуздар жана өлкөнүн кызыкчылыктары биринчи планда болот. Азыркы учурда бардык чек ара маселелерин чечүү боюнча иштерди активдүү жасап жатабыз. Өкмөттүн жетекчилери, Тажикстандын жетекчилери менен туруктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз", - деди ал.

Ошондой эле президент чек ара көйгөйлөрүнө байланыштуу жергиликтүү тургундардын пикирлерин укту.

Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен жолуккан соң, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууга жөнөп кетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(12)
26.07.2019. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
А тузук иш алдыга жылсын эми
26.07.2019. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чек ара министирин ошол Жака алып барып жашатып койгулачы чыдайт бекен карапайым элге еле кыйын болду.
26.07.2019. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
"Сиздердин коопсуздугуңуздар жана өлкөнүн кызыкчылыктары биринчи планда болот."
Деп айтып коюп эле милициянарды алдыга салып коюп элди аткылай бергиле
26.07.2019. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
gute,Бул Жээнбеков Атамбаевтин случайный кадры болчу. Эми соке эч маселе чече албай, сын айткандарды бир шылтоо м-н паракорлука айыптап, ар кимди каматып жатканы, Сооронбайдын колунан эч нерсе келбейт экенин далилдейт.
filis түзөттү 2019-07-26 12:36:06
26.07.2019. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
filis,тууганым билип билбей суйлой бергенди токтотсок. 6жылда силер мактаган Атамбаев бир жолу чек арага басып бардыбы? Бир жылда 2 регионго барып кутулчу. А азыркы президент ай сайын регионго чыгып,сага билинбеген ото коп маселелерди чечип жатат.Биз болгону чындыкты коргубуз келбей калп эле ичи таар Атамбаев жамандап койсо эле аркасынан доодуроп эрчип журобуз.Жээнбековдун бир мунусу туштуктун баласы болгону ошол. Атак чотка иштеп атат.
KAYRATBEK түзөттү 2019-07-26 15:11:12
26.07.2019. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бирда президент Аксайга барган эмес болсо керек, жакшы элди ойлоп ар дайым эл менен болсо иш кете берет.
26.07.2019. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаңы эле көрдүм жаңылыктардан,болгону он беш жыйырма киши экен, жалаң дежурныйлар экени көрүнүп турат.. баягүнкү милиция аткылап тараткан кишилердин бири да көрүнбөйт.
26.07.2019. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Менин козомолумдо болот дегениге жараша ошол чек араны чечип Тикенек зымдар менен тосуп койсун элдер тычыраак жашайт эле
26.07.2019. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмнеси болсода жакшы АШАга окшоп ХХХХХ алып бишкекте ХХХХ барбы чек араны кооруп жаткыла баткендиктер деп ХХХХ. Элге жоолугуп пикирин угуп келиптир
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-26 14:36:35
26.07.2019. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол жарадар болгон кишилерден да кабар алып койсо жакшы болмок
26.07.2019. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чек араны козомолдойт дейт, чек ара чечиле элек болсо кайсыл жерди козомолдойт. Анан эмне эле Москвага учуп барып келип журосунор,же Москва чечип калдыбы анда силер кимсинер. Бирдеме кылган учун досуда,досум болот самалет жоноту деп. Эмне кылганын учун ал сенин досун болду.
26.07.2019. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Москва чечсе масалани анда биз Москвага кайрылышыбыз керекпи.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: