Кубакы ашуусунда жеңил унаа кырсыкка учурап, бир аял каза болду
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кубакы ашуусунда жеңил унаа тосмону сүзүп, кырсыктан бир аял каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Хонда Стрим үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып тосмону сүздү. Жол кырсыктын кесепетинен 48 жаштагы О.Н. аттуу аял киши каза болду.
Жол кырсыгы боюнча тийиштүү иштер аткарылып жатканы жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.