ИИМ: "Тажикстандын президентинин келишине байланыштуу Тамчы айылынан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолго бир саатка убактылуу чектөөлөр коюлат"
26-июлдан 28-июлга чейин Кыргыз мамлекетине Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон иш сапары менен келет. Буга байланыштуу кортеждин тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн Тамчы айылынан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолдо транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр коюла тургандыгы маалымдалды.
Чектөөлөр дем алыш күндөрүнө жана туристтик сезон учуруна туш келгени коомчулукта талкуу жаратты.
ИИМдин басма сөз кызматынан чектөөлөр бүгүн, 26-июлда бир саатка гана коюларын билдиришти.
"Башка күндөрү эч кандай чектөөлөр киргизилбей, жолдор ачык болот. Ошондуктан 26-28-июль күндөрү Ысык-Көл облусуна бара жаткан учурда тынчсызданбай койсоңуздар болот жана жол кыймылынын эрежелерин сактаңыздар" деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
2:04
2025-07-23

1:34
2025-07-23

1:15
2025-07-23

0:33
2025-07-23

22:06
2025-07-22
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Kyrgyz_bloger

26.07.2019. 13:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эмнеге Тажикстандын президенти Ысык-Колго келет,саясатчылар борборго келиш керек эле го,эс алат бекен? Негизгиси жолду копко жаппаса болду да,бир кундук эс алууга баргандарга жаман да убакытын олтурот.
AksyKum

26.07.2019. 13:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынчтыкты тилеп, Жогорку жакты карап козу торт болгон Баткенде жолукпайбы
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.