super.kg logo

Кыргыз өлкөсүнөн ажылык сапарга 3 миң 600 адам учуп кетти

 

Бүгүн, 26-июлда Ош-Жидда багыты боюнча учкан кыргыз ажыларынын тобу Сауд Арабиясынын Мекке шаарындагы аэропортко аман-эсен жетип алышты. Кыргыз жергесинен барган ажылар Мекке шаарындагы атайын ажылар үчүн дайындалган мейманканага жайгаштырылды. Мындай маалыматты муфтияттын басма сөз кызматынан маалымдады.

Белгилүү болгондой, учурда Медина жана Мекке шаарларында 3 миң 910 зыяратчы ажылыкка тиешелүү ибадаттарын жасап жүрүшөт. Дагы 2 миң 100 жаран ажылык сапарга бара элек. Быйыл жалпысынан 6 миң 10 адам зыярат кылмакчы.

"Зыяратчыларды топко бөлүп, күнүгө жиберип жатабыз. Кечээ, 25-июлда Ош-Жидда багыты боюнча каттам ачылып, эң акыркы каттам 1-августка белгиленген. Зыяратчылардын ден соолугун көзөмөлдөө үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинен 16 дарыгер барган. Ошондой эле ажылык амалдарын жасап жүргөндөрдүн коопсуздугу үчүн электрондук чиптер ишке кирген. Мындан тышкары ажылар мечитке акысыз жеткирилет.

Ал эми Медина шаарындагы ажылардын тобу күн сайын Мекке шаарына барып өздөрүнүн ажылык амалдарын аткарышууда. 28-июлда Медина шаарындагы акыркы топ Мекке шаарына жөнөп кетет", - деди маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
26.07.2019. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ислам бул араб дүйнөсүн жайылткан идеялогия. Динчилдерди арабташтырууга түртө турган чоң идеялогия.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: