super.kg logo
  Саясат  

Экс-мэр Нариман Түлеевдин атасынын конфискациялануучу мүлктөрүнүн тизмеси

 

Бүгүн, 6-августта "Ата Журт" фракциясынын депутаты, Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаев Түлеевдин атасынын конфискациялана турган мүлктөрү тууралуу кабарлады. Соттун чечимине ылайык, Ташболот Түлеевдин конфискациялануучу мүлктөрү:

  

-ЗИЛ 5301 ЕО үлгүсүндөгү 1998 -жылы чыгарылган, В8676F мамлекеттик номерлүү унаа;

  

- ГАЗ 33021 үлгүсүндөгү 1999-жылы чыгарылган В4459L мамлекеттик номерлүү унаа;

  

- Фольксваген Жетта үлгүсүндөгү 2000-жылы чыгарылган, E6158D мамлекеттик номерлүү унаа;

  

- Тойота Прадо үлгүсүндөгү 2008-жылы чыгарылган В7770Q мамлекеттик номерлүү унаа;

  

- Тойота Хайлэндер үлгүсүндөгү 2009-жылы чыгарылган В2041А мамлекеттик номерлүү унаа;

  

- Тойота Лэндкрузер үлгүсүндөгү 2005-жылы чыгарылган B5450G мамлекеттик номерлүү унаа;

  

- Тойота Лэндкрузер үлгүсүндөгү 2010-жылы чыгарылган В4440АВ мамлекеттик номерлүү унаа;

  

-Бишкектеги Эркиндик проспектисинде жайгашкан 14 чарчы метрди ээлеген кыймылсыз мүлк.

  

Эске сала кетсек, 29-июлда Бишкектин Ленин райондук соту чыгарган чечимге ылайык, экс-мэрдин жана жакындарынын үй-мүлкү конфискацияланып, өзү күчөтүлгөн тартипте 11 жыл жаза мөөнөтүн өтөмөй болгон. Ошондой эле Түлеев 3 жыл мамлекеттик кызматтарда иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: