super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Чек ара маселеси боюнча эң оор сүйлөшүүлөр Акаевдин убагында Кытай менен болгон". КҮНСОБОЛ

 

22-июлда Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Кыргыз өлкөсүндө чек арага байланыштуу маселелер мезгил-мезгили менен көтөрүлүп турат жана алар коомчулуктун талкуу чордонун жаратат. Чек ара боюнча маселелер талуу жана алардын чечилиши көп убакытты алары, эки тараптын дыкат мамилесин талап кылары да белгилүү.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыздын кайсы президентинин тушунда чек ара маселелерин чечүүдө жакшы жылыштар болгон?" деген собол салды.

Экс-депутат Равшан Жээнбеков билдиргендей, ал бардык президенттердин убагындагы чек ара маселелери боюнча кыйынчылыктарды, чатактарды байкап, көрүп келе жатат. "Чек ара маселеси боюнча эң оор сүйлөшүүлөр Аскар Акаевдин убагында Кытай менен болгон. Көпкө созулган сүйлөшүүлөр, өкмөттөгү, парламенттеги, саясаттагы каршылыктар, ар кандай татаал процесстер менен араң чечилген. Анда оор убакытты өткөргөнбүз. Курманбек Бакиевдин убагында мындай оор маселелер көп талкууланган жок. Алмазбек Атамбаевдин убагында Кыргыз-Өзбек чек арасы чечилүүгө келди. Бирок жалпысынан айтыш керек, бардык эле президенттердин тушунда чек ара маселелери оор болот. Анда ар бир улут "биз утулуп жатабыз" деп ойлойт. Ошондуктан бул маселеге абайлап мамиле кылуу зарыл. Көйгөй сүйлөшүүлөр менен чечилиши шарт. Азыркыдай болуп коомдун кайсы бир бөлүгүнүн, саясатчылардын, көйгөйдү түшүнбөгөн адамдардын чек ара маселесин көтөрүп, талкуулап коомдук пикирди жараткан аракеттери болбош керек. Чек ара маселеси бир гана мамлекеттик кызматкерлердин, сүйлөшүүчүлөрдүн жана дипломаттардын иши болушу зарыл", - дейт Равшан Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: