super.kg logo
  Саясат  

Депутат Каныбек Иманалиев: "Чек ара маселеси өтө олуттуу маселе. 1 метрден ката кетсе эле эл туура эмес түшүнүп калышы мүмкүн". КҮНСОБОЛ

 

22-июлда Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Кыргыз өлкөсүндө чек арага байланыштуу маселелер мезгил-мезгили менен көтөрүлүп турат жана алар коомчулуктун талкуу чордонун жаратат. Чек ара боюнча маселелер талуу жана алардын чечилиши көп убакытты алары, эки тараптын дыкат мамилесин талап кылары да белгилүү.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыздын кайсы президентинин тушунда чек ара маселелерин чечүүдө жакшы жылыштар болгон?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев бул маселени кароодо тактык керектигин жана диванда отуруп алып аны талкуулоо туура эмес деген пикирде.

"Чек ара маселесин диванда отуруп алып айтуу жана талкуулоо кыйын. Анда көп маселе бар, себеби 4-5 миң чакырымга жакын чек ара бар. Ар бир өлкө менен өз-өзүнчө чечилген, аны жатка эч ким билбейт. Бул маселени талкуулоодо канчасы Кыргыз өлкөсүнүн, канчасы коңшу мамлекеттин пайдасына чечилгенин кароо керек. 1 метрден ката кетсе эл туура эмес түшүнүп калышы мүмкүн. Себеби айрым чек ара маселелери 10 жыл, кээ бирлеринде 20 жылга чейин чечилбей жүргөн. Ошон үчүн бул олуттуу маселе", - дейт Иманалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: