ЖАМК: "Экс-депутат Максат Кунакунов шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулду"
Экс-депутат Максат Кунакунов шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.
Анын айтымында, 12-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Кунакуновдун ишин быйыл күчүнө кирген жаңы мыйзамдардын негизинде караган. Сот Кунакуновду шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу чечимин чыгарган.
2015-жылы Бишкекте "теракт уюштурууну көздөгөн" деп айыпталып, камакка алынган. Сот Кунакуновду 10 жылга эркинен ажыраткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
-3

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.