super.kg logo

Бишкектен үйлөрүнө кайтып бара жаткан Өзбек жарандары Токтогулда кырсыкка кабылды. Алардын бири жеңил унаа менен кошо күйүп кетти

 

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда эки жеңил унаа сүзүшүп, бири ичиндеги жүргүнчүсү менен кошо күйүп кетти. Маалыматты облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктап, буларды билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 28-июль күнү саат 08:00 чамасында Ош-Бишкек унаа жолунун 319-400-чакырымында болгон. Анда Toyota Camry унаасы менен Honda Stepwgn унаасы сүзүшкөн.

"Кырсыктан улам Honda Stepwgn унаасынын ичиндеги жүктөр, документтер жана жүргүнчү болуп келе жаткан жаран кошо күйүп кеткен. Калган 5 жүргүнчү жана айдоочу Токтогул районунун Үч-Терек аймактык ооруканасына жеткирилген. Ал эми Toyota Camry унаасынын айдоочусу ооруканадан биринчи медициналык жардам алып, үйүнө чыгарылган. Ошондой эле жүргүнчүлөр эч кандай жаракат алышпагандыктан үйлөрүнө кетип калышкан".

Учурда унаада күйүп кеткен жарандын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүүдө. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Такталган маалыматтар боюнча Honda Stepwgn унаасында бара жаткан жүргүнчүлөр Өзбекстандын Фергана облусунун тургундары. Алар Бишкек шаарында курулуш иштеринде иштеп, үйлөрүнө кайтып бара жатышканы аныкталган.








Токтогул районунда эки жеңил унаа сүзүшүп, бири ичиндеги жүргүнчүсү менен кошо күйүп кетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
29.07.2019. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кудай сактасын
29.07.2019. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудай сактасын.Сурот аябай коркунучтууго
29.07.2019. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сурот алып таштагыла
29.07.2019. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кимиси куноолу экен машиналардын? Жолдо деле коркуп журуп калдык азыр, болушунча такшалып рульга отурушса болмок, праваны сатып алган менен омур, ден соолук сатылбайт!
29.07.2019. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тим эле адыраңдап айдашат. Бири жанагы эле кырсыкты жанына жандап алып жүргөн Стептин айдоочулары. Экинчиси Камрини тээп алып эч кимди көзүнө илбей айдагандардын бири болсо керек.
BarsBaatyr түзөттү 2019-07-29 13:14:10
29.07.2019. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын кырсыктан.Байкуштар куйуп кетишиптир.Жайы жаннаттан болсун!
29.07.2019. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сак болуш керек! Жаткан жерлери жайлуу болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: