super.kg logo

Батуттун ордуна жууркандар, баш айланганча селкинчек тепкен күндөр. Балалыкты эске салган ирандык сүрөтчүнүн эмгектери

 

Улуулардан "Эх! Биздин убакта 1 сомго 100 ширеңке келчү эле" деген сөздү угуп калдыңыз беле? Алар Советтер Союзу мезгилиндеги окуяларды жана жаңы өзгөрүүлөр тууралуу айтып калышчу. Убакыт менен кошо заман да өзгөрөт эмеспи. Учурда айылдарда көчөдө ойноп жүргөн балдар тобун кезиктирүү да кыйын. Замандын өзгөрүүсү, техника жана технологиянын өнүгүүсүнө байланыштуу кичинекей балдардын кызыгуусу да азыр башкача.

"Эх! Биздин убакта планшет деген нерсе жок эле" дей турган маал да келип калды өңдөнөт. Көпчүлүктүн балалыгын эске салган сүрөттөрдү ирандык Али Мири тартып келет. Ал 1975-жылы Мешхед шаарында туулган. Жаш кезинен эле сүрөт тартуу менен алектенип келгенин айтканы бар.

Ирандык сүрөтчү Али Мири

"Бактылуу жашоо - бул ар бир баланын укугу. Мен өз аудиториям үчүн тарткан сүрөттөрүм, жазган баяндарым аркылуу жагымдуу дүйнөнү жаратканга аракет кылам. Кайсы бир күнү бардык адамдар кичинекей балдар сыяктуу эле бактылуу жашап калышын кыялданам. Сүрөтчү катары бул багытта бүт аракетимди жасайм", - дейт Али Мири.

1. Жууркан-төшөнчүлөрдү батутка айланткан күндөр.

2. Үйдүн ичиндеги чакан үйдү куруп алчубуз.

3. Баш айланганча селкинчек тепчүбүз.

4. Энелер килем жууган учурду аквапаркка айлантчубуз.

5. Бир туугандар менен чогуу телевизор көрчү элек. Азыр ар биринде смартфон бар эмеспи...

6. Мешке суу чачып буу чыгарган кызыктуу көрүнчү.

7. Мөмө-жемиштерди биргелешип терчүбүз.

8. Чоң аталарыбызга массаж жасап берген күндөрүбүз болгон.

9. Энелер кийим тигип жатканда жардам берчүбүз.

10. Туугандар баарыбыз бирге короодо же сөрүдө (топчанда) отуруп тамактанган учур.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 12 
Комментарийлер(5)
29.07.2019. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ээх балалыгым
29.07.2019. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биздин балалык мн Ирандын балалыгы окшош болчу экен да
29.07.2019. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок биз балалык кезде мешке суу чачкан неме жок болсо керек эле.
30.07.2019. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай сонун кундор отту)))
31.07.2019. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх балалык,коз ачып жумгуча оттун-кеттин,балалыгым эстеп сагынам,жашоо козубузго радуга корунчу ээээхххххх
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: